Тил

Бүгүн Бишкек шаарында өткөн конференцияда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында жарандык коом менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуунун маанилүү натыйжалары талкууланды. Конференцияда USAID тарабынан каржыланган «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагындагы Ковид-19га карата ыкчам жооп гранттар программасынын аяктоосу белгиленди.

Бул ыкчам демилгенин аркасы менен үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка чалдыккан 2,5 миңден ашуун адам «Жигердүү жарандар» долбоору тарабынан каржыланган он бир жарандык коом уюмунан (ЖКУ) социалдык, юридикалык жана психологиялык жардам алды.

Ковид-19га байланыштуу киргизилген карантин учурунда Кыргыз Республикасы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун учурларынын көбөйүүсүнө жооп катары аталган ЖКУлар өлкөнүн булуң-бурчтарында иш алып барып, зомбулукка кабылган жана аярлуу үй-бүлөлөрдө жашаган адамдарды башпаанек, гигиеналык каражаттар, азык-түлүк, материалдык жардам жана психологиялык кеңешме менен камсыз кылышты («ДИА» КФ, «Аялдарга жардам көрсөтүү борбору» КБ, «Каниет» кризистик борбору, «Абийир эл» КБ, «Нуржолбер» КБ, «Активист» КБ жана «Аялзат» КБ).

Ошондой эле ЖКУлар улуттук жана жергиликтүү деңгээлде маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын өткөрүштү («Ачык линия» КФ, «Активист» КБ, «Нуржолбер» КБ, «Абийир эл» КБ, «Каниет» кризистик борбору жана «Аялзат» КБ), зомбулукка кабылгандарга юридикалык жардам көрсөтүү боюнча КРнын адилет министрлигинин астындагы акысыз юридикалык жардам борборлорунун юристтерине тренингдерди өткөрдү («Аял соттордун кыргыз ассоциациясы» КБ) жана зомбулуктун алдын алууда жооптуу мамлекеттик органдар арасында кызматташууну жакшытруу үстүндө иш алып барды («Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» КБ).

Конференцияда сүйлогөн сөзүндө USAIDдин демократия жана башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысы Ноэль Бауэр аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн гендердик теңдикти илгерилетүү жаатында үзгүлтүксүз жана уюшкан күч-аракеттердин маанилүү экендигин баса белгиледи. «Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү үчүн Өкмөттөн жана жарандык коомдон узак мөөнөттүк, уюшкан жана систематикалык күч-аракеттер талап кылынат. Ал эми USAID мындай күч-аракеттерди колдоого дайым даяр», – деди Ноэль Бауэр.

Бул гранттык программанын маанилүү жетишкендиги болуп үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча 17 жаңы комитеттин түзүлүшү жана иштеп жаткан 84 уюмдун бекемделүүсү саналат. Жергиликтүү лидерлерден жана жарандык коомдон турган бул комитеттер Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан демилгеленген. Мындай комитеттердин саны көбөйгөдүктөн, «Жигердүү жарандар» долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен комитеттер ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө көмөк көрсөттү.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер зомбулуктан жапа чеккен жарандарды колдоо боюнча ишке ийкемдүү механизм экендигин далилдеди», – деди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова куттуктоо сөзүндө. Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мындай куралдардын натыйжалуулугу өкмөт менен жарандык коомдун кызматташтыгына байланыштуу экендигин баса белгиледи. «Учурда иштелип жаткан 2030-жылга чейин гендердик теңдикке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана 2021-2023-жылдарына Кыргыз Республикасында гендердик теңдикке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жарандык коомдогу өнөктөштөрүбүз менен бирге Кыргызстанда гендердик зомбулукту төмөндөтүү жаатында жүзөгө ашыра турган иш-чараларды чагылдырат».

Иш-чара учурунда он бир ЖКУнун өкүлдөрү тиешелүү гранттык долбоорлорун ишке ашырууда туш болгон кызыктуу учурларды жана тажрыйбаларды, жетишкендиктерин жана кыйынчылыктарды талкуулап, бөлүштү. «Жигердүү жарандар» долбоору тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттерине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарынын презентациясынан кийин иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасында гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында өкмөт менен жарандык коомдун өз ара аракеттерин өркүндөтүү боюнча панелдик талкууга катышты.

Image
Они получили социальную, правовую и психологическую поддержку со стороны одиннадцати организаций гражданского общества (ОГО).
Они получили социальную, правовую и психологическую поддержку со стороны одиннадцати организаций гражданского общества (ОГО).