Тил

Өткөн жумада, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргызстандын он айыл чарба ишканасы Ташкент шаарында өткөн UzFood-2022 көргөзмөсүнө катышты. Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө кыргыз компаниялары Өзбекстандын соода түйүндөрү жана тамак-аш жана суусундуктар менен алек ишканалар менен жолугушту. Кыргызстандын ишканалары мөмө-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшту. Эң ири келишимдер 1,7 миң тонна алма жана 100 тонна жаңгак жана мисте экспорттоо боюнча түзүлдү.

Кыргызстандын делегациясынын курамына «Бай-Дыйкан», «Ишкер KG», «Келечек» кооперативдери, ошондой эле «Обид Файз» ЖЧКсы, «Ала-Бука Кыргыз-Эт» ЖЧКсы, «Абил» логистикалык борбору, ЖИ Якубжон Алимжанов, ЖИ Алмазбек Суранов, ЖК Дуулатов, ЖИ Суранов Алмазбек жана ЖИ Хадия киришти. Ишканалар Ош жана Жалал-Абад облустарынын айыл чарба азыктарын: алма, кара өрүк, мисте, жаңгак жана жаңгак майын, ошондой эле эт жана сүт азыктарын, шире жана суусундуктарды тартуулашты.

«Бул биздин ишкерлер үчүн Өзбекстандык өнөктөштөр менен жолугушууга, бизнес-идеяларды алмашууга, агрардык секторду өнүктүрүүнүн алдыңкы бизнес тенденциялары, тамак-аш өндүрүшү, ошондой эле технологиялар жана инновациялар менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт», – деди Салтанат Эрбаева, кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштеткен ЖИ Дуулатов ишканасынын өкүлү.
UzFood – Борбор Азиядагы эң ири тамак-аш көргөзмөлөрүнүн бири. Өткөн жылы көргөзмөгө алдыңкы тамак-аш ишканаларынын, импортерлордун жана дистрибьюторлордун 4 миңден ашык өкүлдөрү катышкан.

«Жаңы рынокторго чыгуу - Кыргызстанда бизнести кеңейтүүнүн жана жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт. Бул өнүгүүнүн, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана кыргызстандыктардын кирешесин көбөйтүүнүн эң жакшы жолу. Антдыктан, USAID ишкерлерге Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөр менен бизнес байланыштарын чыңдоого жардам берүүнү улантата», - деди Эндрю Мэйбрук, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы башчысынын милдетин аткаруучусу. 
Сапар Өзбекстан менен аймактык жана чек ара соодасынын өсүшүнө алып келүүчү кошумча нарк чынжырчасын чыңдоо аркылуу жумушчу орундарды түзүүгө жана кыргызстандык фермерлердин жана агробизнестердин кирешелерин жогорулатууга багытталган USAIDдин «Агросоода» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Кошумча маалымат алуу үчүн Надира Махкамовага nmakhkamova@kyrgyzagrotrade.com электрондук почтасы же +996770268337 телефону аркылуу кайрылыңыз.

Image
Агрокомпании Кыргызстана подписали 20 соглашений и контрактов на экспорт фруктов, мясной и молочной продукции.
Агрокомпании Кыргызстана подписали 20 соглашений и контрактов на экспорт фруктов, мясной и молочной продукции.