Тил

Шашылыш жарыялоого

12-05-2023

Пресс-релиздер

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Администраторунун Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Анжали Каур 2023-жылдын 14-19-майында Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет. Сапардын негизги максаты - АКШ жана Кыргыз Республикасынын жалпы өнүгүү приоритеттерди талкууло жана өнөктөштүктү күчөтүү.

Сапарынын жүрүшүндө Анжали Каур айым USAIDдин инклюзивдик экономикалык өсүштү колдоого, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө, саламаттыкты сактоо коопсуздугун чыңдоого жана Борбордук Азия боюнча аймактык байланышты чыңдоого умтулуусун тастыктайт.

Бишкек жана Ош шаарларында USAID өкүлү мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, айыл чарба өндүрүшчүлөрү, саламаттыкты сактоо тармагынын адистери, жарандык коом жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушат.